Түркиянын чай экспортунда өсүш
Түркиядан 100 өлкөгө чай экспорттолду.
Түркиядан январь-июль айларында чай экспорту 18 пайызга өсүп 13 миллион 173 миң 736 долларга жетти.
Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин Башкаруу кеңешинин төрага орун басары Ахмет Хамди Гүрдоган, Түркиянын быйылкы жылдын 7 айында 100 өлкөгө чай экспорттогондугун айтты.
Гүрдоган 4 миң 94 тонна чай экспортунан 13 миллион 173 миң 736 долларлык киреше түшкөнүн маалымдады.
Өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде 2 миң 820 тонна чай экспортунан 11 миллион 151 миң 971 долларлык киреше алынганын белгилеген Гүрдоган: «Чай экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу көлөмү жагынан 45 пайызга, нарк жагынан 18 пайызга өстү. Бельгия, Британия жана Германия эң көп чай экспорттолгон 3 өлкө болду. Бельгияга 3 миллион 206 миң 206, Британияга 1 миллион 704 миң 697 жана Германияга 1 миллион 622 миң 582 долларлык чай сатылды»,-деди.
Экспорттогу өсүш менен бирге өлкө түрдүүлүгүнүн да көбөйгөнүн белгилеген Гүрдоган, быйыл Венгрия, Камерун жана Эстонияга да чай сатылганын билдирди.
Тектеш кабарлар
Шимшек IMF-Дүйнөлүк банк жыйындарына катышат
Дүйнөлүк экономикадагы көйгөйлөр менен мүмкүнчүлүктөр талкууланган Жазгы жыйындар башталды.