Түркиянын даяр кийим жана тигүү өнөр жайы

Үстүбүздөгү жылдын январь-июль мезгилинде экспорт өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 19,1 пайызга өсүп 144,4 миллиард долларга жетти.

1866684
Түркиянын даяр кийим жана тигүү өнөр жайы

Түркиянын даяр кийим жана тигүү өнөр жайы 2022-жылдын январь-июль айларынын аралыгында 12,4 миллиард долларлык экспорт менен бардык мезгилдердин эң жогорку январь-июль экспортуна жетишти.

Түркия экспортчулар ассамблеясынын (TIM) маалыматына караганда, Түркиянын экспорту июль айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 13,4 пайызга өсүп 18,5 миллиард доллар болду.

Үстүбүздөгү жылдын январь-июль мезгилинде экспорт өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 19,1 пайызга өсүп 144,4 миллиард долларга жетти.

Даяр кийим жана тигүү өнөр жайы 2022-жылдын январь-июль айларында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 11,6 пайыздык өсүү менен 12 миллиард 411 миллион долларлык экспортту ишке ашырды.

Өткөн айда даяр кийим жана тигүү секторунда эң көп экспорт жасалган өлкө 307 миллион доллар менен Германия болду.

Германиядан кийин 221 миллион доллар менен Испания жана 166 миллион доллар менен Улуу Британия турат.

Сектор январь-июль айларында Германияга 2,2 миллиард доллар, Испанияга 1,5 миллиард доллар жана Улуу Британияга 1,2 миллиард долларлык экспорт жасады.



Тектеш кабарлар