Түркиянын экономикасы 2,6 пайызга өстү

Түрк экономикасындагы өсүү катнаштарына баа берген казына жана каржы министри Берат Албайрак бул туралуу социалдык медиа барагы Твиттерден бөлүштү.

1161330
Түркиянын экономикасы 2,6 пайызга өстү

Түркиянын экономикасы 2018-жылы 2,6 пайызга өстү.

Түркиянын Статистика мекемесинин өткөн жыл тууралуу өндүрүү ыкмасы менен эсептелген өлкө ичи дүң продукциянын жыйынтыктарын жарыялады.

Соода, транспорт, коноктоо жана тамак аш жаатында тейлөө иштеринин жалпысынан турган тейлөөлөр секторунун кошумча наркы 5,6 пайызга артты.

Экономисттердин 2018-жылдын акырында өсүү күтүүлөрүнүн орто эсеби 2,5 пайыз болгон.

Түрк экономикасындагы өсүү катнаштарына социалдык медиа барагы Твиттерден баа берген казына жана каржы министри Берат Албайрак, «2019-жылга таандык күнүмдүк көрскөткүчтөр, экономиканын ылдам калыбына келүү бурулушуна киргенин жана жумшак калыбына келүү бурулушу башталганын көрсөтүп турат»,-деп айтты.

Ички жана тышкы тең салмактуулукту камсыздап эсеп кысап кемчилигин жана инфляцияны төмөндөтө баштагандарына басым жасаган Албайрак, 2019-жылы арткан экспорт жана туризм кирешелеринин өсүүгө колдоо көрсөткөн негизги элементтер болоорун белгиледи.

Албайрак: «Экономика саясаттарында күчтүү координация мезгилинен өтүүдөбүз. Апрель айынан тарта структуралык жактан таштай турган кадамдар менен процессти дагы да күчтөндүрөбүз. Жаңы экономикалык программалардын алкагында эсеп кысап кемчилигин азайтып, кошумча наркы жогору өндүрүштү арттырып, улутубуздун жашоо деңгээлин жогорулата турган саясаттарбызды чечкиндүүлүк менен ишке ашырууну улантабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар