Түркиянын экономикасы өсүүдө

Түркиянын статистикалык мекемеси, ички дүң өндүрүм көрсөткүчтөрүн жарыялады.

1425792
Түркиянын экономикасы өсүүдө

Ушул жылдын биринчи чейрегинде Түркиянын экономикасы 4,5 пайыз өстү.

Түркиянын статистикалык мекемеси, ушул жылдын биринчи чейрегине (январь-март) байланыштуу ички дүң өндүрүм көрсөткүчтөрүн жарыялады.

Буга караганда, Түркиянын экономикасы ушул жылдын биринчи чейрегинде өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 4,5 пайыз өстү.

Ички дүң өндүрүмдү түзгөн иш-аракеттерге ылайык ушул жылдын биринчи чейрегинде өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу берки тейлөө кызматтары 12,1 пайыз, маалыматтык жана коммуникациялык иштер 10,7 пайыз, өнөр жай 6,2 пайыз, мамлекеттик башкаруу, билим берүү, адамдын саламаттыгын сактоо жана социалдык тейлөө боюнча иш-аракеттер 4,6 пайыз, кызмат көрсөтүү 3,4 пайыз, айыл чарба 3 пайыз, кыймылсыз мүлк менен иш алып баруу 2,4 пайыз, кесиптик, административдик жана көмөкчү кызмат көрсөтүү 1,9 пайыз, финансы жана камсыздандыруу иши 1,6 пайызга жогорулады.



Тектеш кабарлар