Түркиянын экспорту

Түркиянын экспорту июль айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 13,4 пайызга өсүп 18 миллиард 550 миллион долларга жетти.

1865225
Түркиянын экспорту

Түркия июль айында нарк жагынан экспортунун көбүн Орусияга жасады.

Уланып жаткан геосаясий тобокелчиликтерге карабастан Түркия күчтүү экспорттук көрсөткүчүн улантууда.

24-февралдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушунан улам глобалдык камсыздоо чынжырындагы үзгүлтүккө жана өлкөлөрдүн Орусия менен болгон соода карым-катнаштарынын терс таасирине карабастан Түркия тең салмактуулук стратегиясы жана натыйжалуу тышкы саясатынын негизинде Орусия менен соодасын эффективдүү улантууда.

Түркиянын экспорту июль айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 13,4 пайызга өсүп 18 миллиард 550 миллион долларга жетти.

Түркия июль айында нарк жагынан экспортунун көбүн Орусияга жасады.

Түркиянын Орусияга тышкы соодасы июль айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 236 миллион 932 миң долларга өсүп, 609 миллион 68 миң долларга жетти.

Бул мезгилде көлөмү жагынан тышкы соодадагы өсүүдө Орусиядан кийин Болгария, Америка Кошмо Штаттары, Нидерландия жана Түштүк Африка Республикасы турат.



Тектеш кабарлар