Түркиянын экспорту өсүүдө

Министр Муш Кония Соода палатасында өткөрүлгөн программада июль айынын тышкы соода көрсөткүчтөрүн жарыялады.

1863352
Түркиянын экспорту өсүүдө

Соода министри Мехмет Муш, бардык мезгилдердин эң жогорку июль айындагы экспорту ишке ашканын билдирди.

Министр Муш Кония Соода палатасында өткөрүлгөн программада июль айынын тышкы соода көрсөткүчтөрүн жарыялады.

Түркиянын 2021-жылы экспортто жетишкен ийгиликтерин быйылкы жылдын 7 айында да улантканын белгилеген министр Муш: «Түркия 2022-жылдын биринчи 6 айында болгондой эле 7-айында да эң жогорку айлык экспорт көрсөткүчүнө жетишти. 7 айдагы ийгилиги менен рекорддук сериясын улантты»,-деди.

Июль айында экспорттун көлөмү өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 13,4 пайыздык өсүү менен 18,6 миллиард доллар болгонун белгилеген Муш: «Бул июль айындагы экспорттун эң жогорку көрсөткүчү»,-деп билдирди.

Түркиянын жылдын биринчи 7 айында жалпысынан 144,4 миллиард долларлык экспорт кылганын маалымдаган министр Муш: «Июль айында тышкы соода көлөмүбүз өткөн жылга салыштырмалуу 28,7 пайызга өсүп 47,7 миллиард долларга жетти»,-деди.



Тектеш кабарлар