Түркиянын эл аралык инвестиция позициясындагы абал
Түркиянын август айында тышкы каражаттары 245, 3 миллиард доллар болду.
1290450
Түркия республикасынын Борбордук банкы тарабынан 2019 - жылдын август айына байланыштуу Эл аралык Инвестиция Позициясынын маалыматтары билдирилди. Ушуга караганда август айынын акырынан баштап Түркиянын өлкө тышы каражаттары 2018 - жылдын акырына салыштырылганда 7, 1 пайыздык өсүү менен 245, 3 миллиард доллар болуп ишке ашты. Ошол эле мезгилде каражаттар иликтенгенде резервдер 2018 - жылдын акырына караганда 9, 2 пайыздык өсүү менен 101, 6 миллиард доллар, башка инвестициялар 5, 7 пайыздык жогорулоо менен 93, 8 миллиард долларлык деңгээлде ишке ашты. Бир тараптан банктардын чет элдик акча жана түрк лирасы боюнча накталай акча жана депозиттер 10, 4 пайыздык өсүү менен 49, 4 миллиардга жетти.