Түркиянын «Фатих» бургулоочу кемеси Стамбулга келди

Жер Ортолук деңизден чыккан Түркиянын алгачкы жергиликтүү бургулоочу кемеси «Фатих» Стамбулга жетти.

1394680
Түркиянын «Фатих» бургулоочу кемеси Стамбулга келди

Кара деңиздеги бургулоо иш-аракеттерине катышуу үчүн Жер Ортолук деңизден чыккан Түркиянын алгачкы жергиликтүү бургулоочу кемеси «Фатих» Стамбулга жетти.

Түркия Мунай заттары акционердик өнөктөштүгүнүн (TPAO) Жер Ортолук деңиз жана Кара деңизде бургулоо иштерин жүргүзүү үчүн колдонгон 229 метр узундуктагы жана 51 миң 283 гросс-тонна салмагындагы бургулоочу кемеси «Фатих» эртең менен таң заарда Йеникапы жээк сууларына якорун түшүрдү.

«Түркиянын алгачкы жергиликтүү кемеси» наамына ээ болгон кемеси эртең эртең менен Хайдарпаша портуна барат, бул жерде устун кыскартуу иштери жасалгандан соң «15-июль Шейиттер көпүрөсүнүн» астынан өтүп Кара деңизге чыгат.



Тектеш кабарлар