Түркиянын фундук экспорту
Март айында фундукта жалпы экспорт 136 миллион доллардан 209 миллион долларга жогорулады.
1393179
Дүйнөнү таасири астына алган коронавируска карабастан Түркиянын фундук экспорту өткөн айда 53, 3 пайызга өстү.
Март айында фундукта жалпы экспорт 136 миллион доллардан 209 миллион долларга жогорулады.
Сектордогу экспорт өсүшү жылдын биринчи үч айында да улантылды. Ушунун негизинде 2019 - жылдын январь - март мезгилинде 432, 8 миллион доллар болгон фундук экспорту бул жылдын ошол эле мезгилинде 28, 7 пайызга өсүп, 557 миллион долларга жетти.
Акыркы 12 айлык мезгилде жалпы фундук экспорту 30, 2 пайыздык өсүү менен 1, 6 миллиард доллардан 2, 1 миллион долларга чыкты. Түрк фундугунун эң чоң алуучусу Италия жана башка Европа Бирмдиги өлкөлөрү болду.