Түркиянын фундук экспорту
Фундук экспортунда жетишилген сандар кубантуучу.
1447949
Кара деңиз фундук экспортчулар биримдигинин төрагасы Эдип Севинч берген билдирүүсүндө 2019 - 2020 сезонунун бүтүшүнө 2 ай калганда фундук экспортунда жетишилген сандардын кубантканын белгиледи.
Фундукта 2019 - жылдын 1 - сентябры менен 2020 - жылдын 30 - июнь күндөрүнүн арасында ишке ашкан экспорттун эмитеден бардык учурлардын рекордуна жеткенин айткан Севинч бул сандын 2020 - жыл 31 - августта 330 000 тоннадан ашары болжолдолуп жатканын баса белгиледи.
Севинч Түркия фундук экспортунан келген так валюта көлөмүнүн 2020 - жылдын 30 - июнунан тарта 2 миллиард долларга жеткенин белгилеп, бул сандын да август айынын акырында 2,2 миллиар долларга жетерин болжоп жатышкандарын айтты.