Түркиянын фундук экспорту

Түркия 11 сезондо фундуктан 21 миллиард доллардан ашуун киреше алды.

1508422
Түркиянын фундук экспорту

Дүйнөлүк фундук өндүрүшүнүн жана экспорттун басымдуу бөлүгүнө ээ болгон Түркия 11 сезондо фундуктан 21 миллиард доллардан ашуун киреше алды.

Кара деңиз фундук жана продуктуларын экспортточулар биримдигинин маалыматтарына караганда Түркия 2009 – 2010 жана 2019 – 2020 – жылдарды  камтыган 11 сезондо 100дөн ашуун өлкөгө жалпы 2 миллион 901 120 тонна фундук экспорттоду.

Сөз болуп жаткан мезгилде 21 миллиард 352 миллион 472 000 доллар валюта киреше алынган.

Кытай жана  Европа өлкөлөрү фундук боюнча Түркия үчүн маанилүү базар болду.

Түркия Кытай акыркы 11 мезгилде  44 258 тонна фундук сатып  356 миллион 496 миң 929 доллар киреше алды.

Акыркы 11 мезгилде эң көп экспорт жасалган өлкөлөр Италия, Германия жана Франция болду.

 



Тектеш кабарлар