Түркиянын ЕБ менен соодасында экспорт импорттон ашты

Европанын Статистика кеңсеси (Eurostat) ЕБ жана Евро аймагынын январь айында эл аралык соода көрсөткүчтөрүн жарыялады.

1165883
Түркиянын ЕБ менен соодасында экспорт импорттон ашты

Түркиянын январь айында Европа Биримдигине экспорту, импортун 1 миллиард 787 миллион еврого ашты.

Европанын Статистика кеңсеси (Eurostat) ЕБ жана Евро аймагынын январь айында эл аралык соода көрсөткүчтөрүн жарыялады.

Буга караганда өткөн жылдын январь айында 7,7 миллиард евро болгон Түркиянын ЕБнен импорту, 2019-жылдын тиешелүү мезгилинде 5 миллиард еврого азайды.

2018-жылдын алгачкы айында 6,5 миллиард евро деңгээлинде болгон Түркиянын ЕБне экспорту болсо үстүбүздөгү жылдын январь айында 6,8 миллиард еврого жогорулады.

Ушундайча 2018-жылдын январь айында 1,2 миллиард евро соода кемчилиги болгон Түркия, быйыл январь айында 1 миллиард 797 миллион евролук соода ашыкчасын ишке ашырды.

Түркиянын ЕБне мүчө өлкөлөр менен соодасында 2018-жылдын августунан баштап ашыкча боло баштаган. Түркиянын соода ашыкчасы август айында 740,7 миллион евро, сентябрда 462,9 миллион евро, октябрда 1 миллиард 749 миллион евро, ноябрда 1 миллиард 499 миллион евро жана декабрь айында 794 миллион евро болду.



Тектеш кабарлар