Түркиянын июнь айында чет өлкөдөгү капиталы артты
Түркия Республикасынын Борбордук банкы тарабынан 2019-жылдын июнь айына байланыштуу Эл аралык инвестиция позициясынын көрсөткүчтөрү жарыяланды.
Түркиянын июнь айында чет өлкөдөгү капиталы 239,4 миллиард доллар болду.
Түркия Республикасынын Борбордук банкы тарабынан 2019-жылдын июнь айына байланыштуу Эл аралык инвестиция позициясынын көрсөткүчтөрү жарыяланды.
Буга караганда июнь айынын акырынан тарта Түркиянын чет өлкөдөгү байлыктары 2018-жылдын акырына салыштырмалуу 4,5 пайызга артып 239,4 миллиард долларга жетти.
Ошол эле мезгилде байлыктардын ичиндеги курамы иликтенгенде резервдеги капиталдар 3,5 пайызга артып 96,3 миллиард долларга, берки инвестициялар 5,3 пайызга өсүп 93,4 миллиард долларга жетти. Берки инвестициялардын курамындагы банктардын чет элдик валюта жана Түрк лирасы түрүндөгү эффективдүүлүгү жана капиталдары 8,5 пайыздык өсүү менен 48,5 миллиард долларга жетти.
Тектеш кабарлар
Шимшек IMF-Дүйнөлүк банк жыйындарына катышат
Дүйнөлүк экономикадагы көйгөйлөр менен мүмкүнчүлүктөр талкууланган Жазгы жыйындар башталды.