Түркиянын кеме жана яхта экспорту

Сектордун 5 жылдык экспортунда 1 миллиард 646 миллион 901 миң доллар менен Норвегия алдыга чыкты.

1762041
Түркиянын кеме жана яхта экспорту

Түркиянын кеме, яхта жана кызмат секторундагы экспорту 5 жылда 6,4 миллиард долларга жетсе, бул мезгилде эң көп сатуу 1 миллиард 647 миллион доллар менен Норвегияга болду.

Экспортчулар ассамблеясынын (TIM) маалыматына караганда, Түркиянын кеме, яхта жана кызмат секторунун экспорту 2021-жылы 1 миллиард 626 миллион 377 миң долларды түздү. Ушундайча 2017-2021-жылдар аралыгында сектордун экспорту 6 миллиард 372 миллион 397 миң долларга жетти.

Сектордун 5 жылдык экспортунда 1 миллиард 646 миллион 901 миң доллар менен Норвегия алдыга чыкты.

Бул өлкөдөн кийин 589 миллион 941 миң доллар менен Маршалл аралдары, 513 миллион 410 миң доллар менен Мальта, 346 миллион 382 миң доллар менен Орусия жана 152 миллион 642 миң доллар менен Франция ээледи.

Бул процессте АКШга 114 миллион 821 миң доллар, Кытайга 101 миллион 412 миң долларлык экспорт жасалганы көңүл бурду.



Тектеш кабарлар