Түркиянын кургатылган анжир экспорту

Түркия тышка  4 айлык мезгилде 137, 5 миллион долларлык анжир сатты.

1353244
Түркиянын кургатылган анжир экспорту

Анжир өндүрүү боюнча дүйнөдө лидер болгон Түркия тышка  4 айлык мезгилде 137, 5 миллион долларлык анжир сатты.

Эгей экспортчулар биримдигинен берилген маалыматка караганда кургатылган анжир сезону башталган 2019 -  жылдын 26 -  сентябрынан 2020 -  жылдын 25 -  январына чейинки мезгилде өлкө тышына 37 миң 458 тонна саткан.

Бул мезгилде кургатылган анжирден 137 миллион 537 миң долларлык валюта кирген.

Түркиянын анжир экспорту мурунку сезондун ушул эле мезгилине караганда көлөм базасында 18 пайыз, баа катары да 7 пайызга өстү.

Кургатылган анжир экспорттоодо 20 миллион 398 миң доллар менен биринчи орунду Германия алды. Германиядан кийин 17 миллион 994 миң доллар менен Франция, 11 миллион 440 миң доллар менен Италия келди.

 



Тектеш кабарлар