Түркиянын өнөр жай өндүрүшү жылдык 11,4 пайызга өстү

Түркиянын статистика мекемеси, өткөн жылдын ноябрь айындагы өнөр жай өндүрүшү индексинин жыйынтыгын жарыялады.

1762018
Түркиянын өнөр жай өндүрүшү жылдык 11,4 пайызга өстү

Түркиянын өнөр жай өндүрүшүнүн индекси 2021-жылдын ноябрь айында айлык 3,3 пайызга, жылдык 11,4 пайызга өстү.

Түркиянын статистика мекемеси, өткөн жылдын ноябрь айындагы өнөр жай өндүрүшү индексинин жыйынтыгын жарыялады.

Буга ылайык 2021-жылдын ноябрь айында Түркиянын өнөр жай өндүрүшү өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 11,4 пайызга өстү.

Өнөр жайдын ички тармактары талданганда, бул мезгилде тоо-кен өнөр жай секторунун индекси өткөн жылдын тийиштүү айына караганда 7,5 пайызга, кайра иштетүү өнөр жай сектору индекси 12,5 пайызга, электр энергиясы, газ, буу жана кондициялоо өндүрүшү менен бөлүштүрүү тармагынын индекси 4 пайызга өстү.

Түркиянын өнөр жай өндүрүшү 2021-жылдын ноябрь айында айлык 3,3 пайызга жогорулады.

Бул мезгилде кайра иштетүү өнөр жайы индекси 3,8 пайыз, электр энергиясы, газ, буу жана кондициялоо өндүрүшү менен бөлүштүрүү тамагынын индекси 0,4 пайызга өстү.



Тектеш кабарлар