Түркиянын помидор экспорту...

Түркиядан 85 өлкөгө жасалган жашылча жана жемиш экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырамлуу маанилүү көлөмдө артып, сектордо эң маанилүү товарды помидор түздү.

1387031
Түркиянын помидор экспорту...

Түркияда басымдуу түрдө Жер Ортолук деңиз жана Эгей аймактарындагы күнөсканаларда өндүрүлгөн помидорлордун 1-январь-25-март мезгилиндеги экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 12,26 пайызга артып 119 миллион 846 миң долларга жетти.

Түркиядан 85 өлкөгө жасалган жашылча жана жемиш экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырамлуу маанилүү көлөмдө артып, сектордо эң маанилүү товарды помидор түздү.

Түркиянын Экспортчулар ассамблеясынын көрсөткүчтөрүнөн чогултулган маалыматка караганда өткөн жылдын 1-январынан 25-мартына чейин  106 миллион 754 миң 557 доллардык помидор экспорттогон Түркия, быйыл тийиштүү мезгилде 119 миллион 846 миң 29 доллардык чет өлкөгө помидор сатты.

Помидор экспортунда 12,26 пайыздык өсүү катталды.

Маанилүү экспорт потенциалына ээ болгон калемпирде дагы өткөн жылга салыштырмалуу 13,52 пайыздык өсүү катталды.

Өткөн жылы 1-январь-25-марттын арасында 42 миллион 164 миң доллардык калемпир экспортун жасаган Түркия, быйыл бул санды 47 миллион 865 миң 628 долларга жогорулатты.

Прмидор эң көп Украина, Орусия жана Румынияга, калемпир болсо эң көп Германия, Румыния жана Орусияга жөнөтүлдү.



Тектеш кабарлар