Түркиянын Россияга экспорту

Экспорттун көлөмү өсүүдө.

1451461
Түркиянын Россияга экспорту

Түркиядан жылдын биринчи жарымында Орусияга мөмө-жемиш жана жашылча жемиштердин экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 32 пайызга жогорулап 397 миллион 171 миң 987 долларга жетти.

Чыгыш Кара деңиз Экспортчулар Биримдигинин көрсөткүчтөрүнөн алынган маалыматка караганда Түркиядан Россияга 2020-жылдын январынан июнь айына чейинки мезгилде 1 миллиард 787 миллион 321 миң 219 долларлык экспорт ишке ашырылды.

Ушул мезгилде Россияга экспорттолгон жашылча-жемиш азыктары биринчи орунду ээледи.

Бул өлкөгө 397 миллион 171 миң 987 долларга 507 миң 143 тонналык жашылча-жемиш экспорттолду.

Россияга экспорттоодо мөмө-жемиш жана жашылча-жемиштерден кийин 217 миллион 853 миң 941 доллар менен автомобиль өнөр жайы, 194 миллион 871 миң 372 доллар менен химиялык заттар турат.



Тектеш кабарлар