Түркиянын тропикалык мөмө-жемиш экспорту

Тропикалык мөмө-жемиштердин экспорту көбөйдү.

1308331
Түркиянын тропикалык мөмө-жемиш экспорту

Түркиянын тропикалык мөмө-жемиш экспорту, январь-октябрь мзгилинде өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 7 пайыз өсүп 4 миллион 200 миң долларга көбөйдү.

Эгей экспортчулар бирикмесинин көрсөткүчтөрүнө караганда, Түркия 2018-жылы көпчүлүгү киви болгон жалпы 4 миллион 645 миң долларлык тропикалык мөмө-жемиш экспорттоду.

Тропикалык мөмө-жемиштердин экспорту быйыл январь-октябрь мезгилинде, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 7 пайыз өсүп 3 миллион 900 миң доллардан 4 миллион 200 миң долларга көбөйдү.

Тропикалык мөмө-жемиште эң көп экспорт 2 миллион 788 миң доллар менен кивиде ишке ашты.

Өлкөлөрдүн тизмесинде болсо Орусия бул жерде дагы 870 миң доллар менен биринчи орунду ээледи.



Тектеш кабарлар