Түркиянын цитрус экспорту

Түркия бул жылдын январь  -  февраль мезгилиндеги цитрус экспортунан 228 миллион доллар киреше алды.

1381303
Түркиянын цитрус экспорту

 Түркия бул жылдын январь  -  февраль мезгилиндеги цитрус экспортунан 228 миллион доллар киреше алды.

Улуттук цитрус кеңешинин төрагасы Кемал Качмаз өткөн жылдын январь  -  февраль айларында 399000 тонна  цитрус экспорттоп 170 миллион доллар, бул жылдын ушул эле мезгилинде 442 000 тонна экспорттоп 228 миллион доллар киреше алынгандыгын айтты.

Качмаз Европа өлкөлөрүнө карата экспорттун оң багытта бара жаткандыгын белгилеп : «Польшага өткөн жылы 8 000 тонна, бул жылы 16 000 тонна экспорт жасалды. Германияга 3000 тонна болгон экспортубуз 5000 тоннадан ашык болду. Продукция базасында болсо мандарин, апелсин жана грейфурт экспортунда өсүү бар»,- деди.

Кемал Качмаз акыркы эки жылда эң көп экспорттун  Россия, Украина, Ирак, Румыния жана Польшага жасалгандыгын белгиледи.



Тектеш кабарлар