Түркиянын цитрус экспорту
Эң көп экспорттолгон цитрус продукциясы мандарин болду.
1762692
Цитрус экспорту 2021 - жылы 934 миллион 891 миң доллар валюта агымы менен түрк экономикасына салым кошту.
Жер Ортолук деңиз экспортчулар бирикмелеринин маалыматына караганда, 2020 - жылы цитрус жемиштеринде 1 миллион 801 миң тонна продукция экспорттолсо, 2021 - жылы бул көрсөткүч 1 миллион 963 миң тоннага жетти.
Цитрус экспортунда 2021 - жылы көлөмү жактан көбөйүү менен бирге доллар базасында жогорулоо болду.
2020 - жылы 932 миллион 803 миң доллар болгон цитрус экспорту 2021 - жылы 934 миллион 891 миң долларга жетти.
Эң көп экспорттолгон цитрус продукциясы мандарин болду. Андан кийин лимон, апельсин жана грейпфрут келди.