Түркиянын туризм кирешеси 190,2 пайызга өстү

Түркия статистика мекемеси апрель-май-июнь айларын камтыган экинчи чейректин туризм статистикасын жарыялады.

1861119
Түркиянын туризм кирешеси 190,2 пайызга өстү

Түркиянын туризм кирешеси жылдын экинчи чейрегинде 190 пайыздан ашык өстү.

Түркия статистика мекемеси  апрель-май-июнь айларын камтыган экинчи чейректин туризм статистикасын жарыялады.

Бул мезгилде өлкөнүн туризм кирешеси 8 миллиард 717 миллион 103 миң доллар болду.

Бул чейректеги чыгашалардын ичинен жеке чыгашалар 6 миллиард 273 миллион доллардан ашыгын түзсө, 2 миллиард 444 миллион 39 миң доллары пакеттик турга кеткен чыгымдарды түздү.

Бул мезгилде келгендердин саны 193,6 пайызга өскөн.

Чет элдик туристтердин 70 пайыздан ашыгы Түркияга «тур, оюн-зоок, спорт жана маданий иш-чаралар» үчүн келген.



Тектеш кабарлар