Түркиянын туризм кирешеси өстү
Туризмден түшкөн киреше үч жылдын ичинде 9,71 пайыз өстү.
Туристтердин саны жана туризм кирешесинде 2015-2019-жылдардын аралыгында 9,71 пайыздык өсүү болду.
Акыркы үч жылдын ичинде туристтердин саны жана туризм кирешелеринде туруктуу өсүү болуп, өткөн жылы Республика тарыхынын турист жана туризм кирешеси рекорд койду.
Түркия 2017-жылы 38 миллион 620 миң туристтен 26 миллиард 283 миллион доллар киреше тапты.
2018-жылы болсо 45 миллион 628 миң турист келип, 29 миллиард 512 миллион долларлык киреше түштү.
Ал эми былтыр 51 миллион 860 миң турист келди жана 34 миллиард 520 миллион долларлык киреше түштү.
Ушундайча 2019-жылы Түркиянын туризм кирешеси 2015-жылга салыштырмалуу 9,71 пайыз өсүп, 2018-жылга салыштырмалуу орто эсеп менен 17 пайыздык өсүү менен рекорддук деңгээлге жетти.
Тектеш кабарлар
Түрк чайынын экспорту
Түркияда өстүрүлгөн чай жылдын 3 айында 96 өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга сатылды.