Түркиянын үй текстиль өнүмдөрү 189 өлкөгө экспорттолду

Хасан Хүсейин Байрам маалымат берди.

1505600
Түркиянын үй текстиль өнүмдөрү 189 өлкөгө экспорттолду

Түрк үй текстиль өнүмдөрү 189 өлкөгө экспорттолду.

Түркия үй текстиль өнөр жайчылары жана ишкерлер коомунун башчысы Хасан Хүсейин Байрам жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, коронавирустун жаңы түрү (Ковид-19) дүйнөлүк соодада пайда кылган кара булуттарга карабастан, түрк үй текстиль өнүмдөрүнүн дүйнөнүн төрт тарабына жетип жаткандыгын айтты.

Хүсейин Байрам сентябрь айында экспортун 14 пайыздан ашык көбөйткөн бул сектордун, жылдын 9 айында 189 өлкөгө, эркин зоналарга жана автономдуу аймактарга өнүмдөрүн саткандыгын билдирди.

Өнүмдөрү эң көп Германия, Америка Кошмо Штаттары, Улуу Британия, Италия жана Францияга сатылгандыгын айткан Байрам, өткөн жылы экспорт жасалбаган Гвинея, Гаити, Бутан, Никарагуа жана Фарер аралдары менен да быйыл соода жүргүзүлгөндүгүн баса белгиледи.



Тектеш кабарлар