Түркиянын уксус экспортунда өсүү болду

Январь  -  сентябрь айларында Түркиядан 92 өлкөгө 5 миллион 110 000 долларлык уксуз экспорттолду.

1515150
Түркиянын уксус экспортунда өсүү болду

Январь  -  сентябрь айларында Түркиядан 92 өлкөгө 5 миллион 110 000 долларлык уксуз экспорттолду.

Улудуаг экспортчулар биримдигинен берилген маалыматка караганда уксуз экспорту өткөн жылдын 9 айына салыштырганда 2020 -  жылдын ушул эле айларында 49, 83 пайызга өсүү көрсөттү.

Бул жылдын 9 айында экспортту 3 миллион 411 000 доллардан 5 миллион 110 000 долларга жогорулаткан өндүрүүчүлөрү  эң көп Сауд Арабиясына уксуз экспорттоду.

Өткөн жылдын январь  -  сентябрь мезгилинде 925 000 долларлык продукция жиберилген Сауд Арабиясына бул жылдын ошол эле айларында 19 пайыздык өсүү менен 1 миллион 101 000 долларга жогорулады.

Экинчи орунда туган Иракка экспорт 87, 50 пайызга өстү. Бул өлкөгө жасалган экспорт 428 000 доллардан 803 000 долларга чыкты.

Тармактын өкүлдөрү тизменин үчүнчү орунундагы Германияга экспортту 64, 12 пайызга өстүрдү.

Өткөн жылы 9 айда 364 000 долларлык уксуз сатылган Германияга 2020 -  жылдын ушул эле мезгилинде 598 000 долларлык продукция жөнөтүлгөн.

Америка уксус өндүрүүчүлөр экспорттун көлөмүн көбөйткөн базарлардын бири болгон.Бул өлкөгө жаслаган экспорт 145, 87 пайызга өсүү менен 242 000 доллардан 597 000 долларга жетти.



Тектеш кабарлар