Түркиянын улуттук электропоезди даяр

Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу, Сакарияда алгачкы электропоезддин ишканадагы сыноолору баштала турган аземде сөз сүйлөдү.

1445591
Түркиянын улуттук электропоезди даяр
Tren.jpg
milli tren 2.jpg
Tren1.jpg

Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу, улуттук электропоезддин быйыл жылдын акырында темир жолдордо боло турганын маалымдады.

Караисмаилоглу, Сакарияда алгачкы электропоезддин ишканадагы сыноолору баштала турган аземде сүйлөгөн сөзүндө, темир жолу технологиясында атамекендик жана улуттук унаалардын жасалып чыгарылышы менен секириктерди улантууга чечкиндүү экендиктерин белгилеп, «Максатыбыз, Түркиянын темир жол системасынын унаасын жасап чыгарууда маанилүү борборго айланышы»,-деди.

Атамекендик жана улуттук поезддердин саатына 160 км иштөө ылдамдыгына, 176 км проекттик ылдамдыкка ээ болгудай түрдө жасалып чыкканын түшүндүргөн Караисмаилоглу, жүрүү коопсуздугу алдыңкы планда болуп жүргүнчүнү канагаттандыруу жана ыңгайлуулугу жагынан талап жана күтүүлөрдү эң жогорку деңгээлде камсыздай турган өзгөчөлүктөргө ээ болгонун маалымдады.

Караисмаилоглу, 5 вагондон турган чиркеменин  жалпы орундук санынын 324 болуп, алардан экөөнүн майыптар үчүн бөлүнгөнүн айтты.

Транспорт жана инфраструктура министри, жасалып чыккан прототип чиркеменин 60 пайыз атамекендик катыш менен жасалганын, сериалуу өндүрүү үчүн 80 пайыз атамекендик чыгарылышты максаттагандарын белгилеп, «Прототип чиркелген поезддин наркы чет өлкөдөн алып келинген окшош поезддерге караганда 20 пайызга арзан түштү»,-деп айтты.

Министр Караисмаилоглу: «Өлкөбүз эми ылдам жүрүүчү поезд жана жогорку ылдамдыктагы поезддерин өзү жасап чыгара алгыдай деңгээлге жетти.Мындан кийинки процессте Түркиянын чет өлкөдөн унаа сатып алуусунун кажети калган жок»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар