Түркиянын жашылча-жемиш экспорту

Жер Ортолук деңиз экспортчулар биримдигинин (AKİB) маалыматына ылайык ушул жылдын январь-сентябрь мезгилинде 1 миллиард 690 миллион 750 миң доллардык жашылча-жемиш экспорттолду.

1515581
Түркиянын жашылча-жемиш экспорту

Түркиянын жашылча-жемиш экспортунда биринчи орунду «алча-чие» жана «помидор» алды.

Жер Ортолук деңиз экспортчулар биримдигинин (AKİB) маалыматына ылайык, өткөн жылдын январь-сентябрь айларында 1 миллиард 354 миллион долларды түзгөн жашылча-жемиш экспорту, ушул жылдын тийиштүү мезгилинде 1 миллиард 690 миллион 750 миң долларга жогорулады.

Бул мезгилде 835 миллион 539 миң доллар мөмө-жемиш, 469 миллион 166 миң доллар жашылча, 373 миллион 863 миң доллар цитрус жемиштери жана 12 миллион 182 миң доллар чай экспорттолгон.

Мөмө-жемиш экспортунда 224 миллион доллардык чет элдик валюта менен камсыз кылган алча-чие тобу биринчи орунду ээледи.

Помидор экспорттун 226 миллион долларын түздү.

9 айдын ичинде Түркиядан эң көп алча-чие Германияга экспорттолуп  91 миллион АКШ долларын түзгөнү белгиленди.

Бул мезгилде 51 миллион доллар помидор экспорттолгон Россия биринчи орунду ээледи.



Тектеш кабарлар