Твиттер Илон Маскка 44 миллиард долларга сатылабы?

Америка Кошмо Штаттарынын Баалуу кагаздар жана биржалар боюнча комиссиясына (SEC) акционерлер үчүн билдирүүлөрүндө, «Твиттердин Башкаруу кеңеши биригүү келишиминин кабыл алынышы үчүн добуш берүүнү бир добуштан сунуштайт»,деген билдирүү киргизилген.

1846805
Твиттер Илон Маскка 44 миллиард долларга сатылабы?

Твиттердин Башкаруу кеңеши бир добуштан акционерлерге социалдык медиа компаниясын Tesla жана SpaceXтин башкы директору Илон Маскка 44 миллиард долларга сатууга макулдук берүүнү сунуштады.

Америка Кошмо Штаттарынын Баалуу кагаздар жана биржалар боюнча комиссиясына (SEC) акционерлер үчүн билдирүүлөрүндө, «Твиттердин Башкаруу кеңеши биригүү келишиминин кабыл алынышы үчүн добуш берүүнү бир добуштан сунуштайт»,деген билдирүү киргизилген.

Билдирүүдө акционерлердин добуштары ээлик кылган акциялардын санына карабастан абдан маанилүү экени баса белгиленди.

Буга чейин Twitterдин 9,2 пайыз акциясын сатып алган Илон Маск 14-апрелде Баалуу кагаздар жана биржалар боюнча комиссиясына (SECге) билдирүүсүндө Twitterдин толугу үчүн ар бир акциясына 54,2 доллар сунуш кылган.

25-апрелде Твиттерден жасалган билдирүүдө компанияны Маскка сатуу боюнча келишимге жетишилгени кабарланган.

Маск 13-майда Twitter социалдык медиа компаниясын болжол менен 44 миллиард долларга сатып алуу келишими убактылуу токтотулганын жарыялаган.

Твиттердеги өзүнүн билдирүүсүндө Илон Маск Твиттер келишими «спам жана фейк аккаунттар жалпы колдонуучулардын 5 пайызынан азын түзөт деп күтүлгөн маалыматтардан» улам убактылуу токтотулганын жарыялаган.

Башка жагынан алганда, Катар Экономикалык Форумунун алкагында Bloomberg менен болгон маегинде Маск, Твиттер келишимине байланыштуу бир нече «чечилбеген маселелердин» бири катары келишимдин акционерлер тарабынан жактырылышын санады.

 



Тектеш кабарлар