Тышкы соодадагы кемчилик 8 айда 61,3 пайызга азайды

Рүстем Четинкая, жылдын 8 айында экспорт көбөйүп жатканда импорттун азайганын белгиледи.

1264386
Тышкы соодадагы кемчилик 8 айда 61,3 пайызга азайды

Түркиянын экспортчулар ассамблеясынын секторлор кеңешинин мүчөсү Рүстем Четинкая, жылдын 8 айында экспорт көбөйүп жатканда импорттун азайганын белгиледи.

Четинкая, жазуу түрүндөгү маалыматында жалпы соода системасына караганда экспорттун августта да жогорулоосун улантканын жана 1,69 пайыздык өсүү менен 13 миллиард 150 миллион доллар болуп ишке ашканын, импорттун дагы төмөндөөсү уланганын маалымдады.

Тышкы соода кемчилигинин 9,88 пайызга азаюу менен 2 миллиард 376 миллион долларга түшкөнүн билдирген Четинкая, экспорттун импортту камсыздоо катышынын 84,7 пайызга төмөндөгөнүн, аты аталган катыштын 2018-жылдын август айында 83,1 пайыз болгонун эске салды.

Четинкая, январь-августта экспорттун 2,9 пайызга өсүү көрсөтүп 117,2 миллиард долларга жектенин, бул сандын 8 айлык мезгилдер менен рекорд болгонун белгилеп, 182 миллиард доллардык жылдын акырындагы максатына кадам-кадам жакындаганын билдирди.

Рүстем Четинкая: "8 айда эспортубуз 16,92 пайыздык төмөндөө менен 136,9 миллиард долларга түштү. Экспорттогу жогорулоо менен бир убакта болгон импорттогу азаюу да тышкы соода кемчилигин жылдын алгачкы 8 айында 61,3 пайыз төмөндөтүп 19 миллиард 662 миллион долларга түшүрдү",-деп жазды.


Этикеткалар: #доллар , #импорт , #экспорт

Тектеш кабарлар