Варанк: «Түрк өнөр жайы пандемия учурунда өзүн далилдеди»

Министр Варанк Бурсада билдирүү жасады.

1518666
Варанк: «Түрк өнөр жайы пандемия учурунда өзүн далилдеди»

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, Ковид-19 пандемиясы учурунда түрк өнөр жайынын өзүн далилдегенин айтты.

Министр Варанк Бурсадагы билдирүүсүндө: «Түрк өнөр жайы пандемияда өзүн ырастады. Өзүнүн күчүн өзгөчө кырдаалдарга жооп берүү жөндөмү менен көрсөттү. Оор мезгилдерде инновациялык чечимдерди кантип чыгара алаарын далилдеди»,- деди.

Варанк: «Жакынкы айларда дүйнөлүк нарк чынжырларынан көбүрөөк үлүштөрдү алуу жана чет өлкөлүк инвестицияларды өлкөбүзгө тартуу үчүн маанилүү кадамдарыбыз болот. Биз Президенттиктин Инвестициялар Бюросу менен биргеликте өлкөбүздүн Тышкы инвестициялар боюнча стратегиясын даярдап жатабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар