Зайтун экспортунда рекордго жетишилди

2018 – 2019 сезонунда Түркиядан 141 миллион 574 миң долларлык зайтун экспорттолду.

1305468
Зайтун экспортунда рекордго жетишилди

2018 – 2019 сезонунда Түркиядан 141 миллион 574 миң долларлык зайтун экспорттолуп, бул тармакта  рекордго жетишилди.

Эң көп экспорт  35 миллион 874 миң доллар менен Германияга жасалды. Германиядан кийин 23 миллион 952 миң доллар менен Ирак, 19 миллион 760 миң доллар менен Румыния, 11 миллион 358 миң доллар менен АКШ жана 6 миллион 211 миң доллар менен Болгария келди.
 



Тектеш кабарлар