Жумуртка экспорту
Түркиянын жумуртка экспорту 18 пайызга артып 354 миллион долларга жетти.
Түркиянын жумуртка экспорту 2018 – жылы январь - октябрь мезгилинде өткөн жылдын ошол эле мезгилине караганда 18 пайызга артып 354 миллион долларга жетти.
Жумуртка өндүрүүчүлөр биримдигинен берилген маалыматта сектордун экспортунун жылдын акырында 425 миллион долларга жетерин жана акыркы 10 жылдын рекордуна жетишилери белгиленди.
Маалыматта өндүрүш базисин дайыма өнүктүргөн жана продукция сапатын жогорулатуу менен дүйнөлүк жумуртка өндүрүүдө маанилүү бир абалга жеткен жумуртка секторунун 22 миллиард даана өндүрүш саны менен дүйнөдө тогузунчу, жыл сайын арткан экспорту менен да үчүнчү орунду алгандыгы билдирилди.
Тектеш кабарлар
Шимшек IMF-Дүйнөлүк банк жыйындарына катышат
Дүйнөлүк экономикадагы көйгөйлөр менен мүмкүнчүлүктөр талкууланган Жазгы жыйындар башталды.