«12 Punto 2022нин» сыйлыктары ээлерин тапты

Стамбулда өткөрүлгөн жана ТРТ 2ден түз эфирде берилген жабылуу жана сыйлык тапшыруу аземине ТРТнын Башкаруу кеңешинин төрагасы Ахмет Албайрак, ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажы жана маанилүү коноктор катышты.

1848682
«12 Punto 2022нин» сыйлыктары ээлерин тапты
Түркия радио жана телеберүү мекемеси (ТРТ) уюштурган «12 Punto 2022нин» сыйлыктары ээлерин тапты.
Стамбулда өткөрүлгөн жана ТРТ 2ден түз эфирде берилген жабылуу жана сыйлык тапшыруу аземине ТРТнын Башкаруу кеңешинин төрагасы Ахмет Албайрак, ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажы, Канндагы Алтын пальманы алган «Кайгы үч бурчтугу» тасмасынын продюсери Филипп Бобер, режиссер Элиах Сулейман, Сараево кинофестивалынын директору Йован Маржанович, Европа кино академиясынын президенти Майк Дауни жана түрк жана дүйнө киносунан маанилүү ысымдар катышты.
ТРТнын башкы директору Собажы ачылышта сүйлөгөн сөзүндө бул жылы 12 Пунтого 134 көркөм тасма проектиси кайрылганын белгилеп, 12 Punto философиясы, максаты жана оригиналдуулугу менен кино тармагында абдан кыска убакыттын ичинде таанымал брендге айланганын айтты.
Бул жылы үчүнчү жолу эл аралык долбоорлорго колдоо көрсөткөндөрүн эске салган Собажы: “Ушул себеп менен дагы бир жолу баса белгилеп кетким келет, ТРТнын биргелешкен өндүрүшү өткөн жылы 202 фестивалда 125 сыйлыкка ээ болгон. Буга чейин 12 Пунтодон эл аралык биргелешкен продюсердик сыйлыкты алган Клондайк, Санденс жана Берлиналеден  сыйлыктар менен кайтты. ТРТнын биргелешкен чыгарылышы «Кайгы үч бурчтугу» дүйнөнүн эң маанилүү кинофестивалы Канн кинофестивалынан  “Алтын пальма бутагын” алуу менен биздин толкунданууну арттырды”,-деп айтты.
ТРТнын башкы директору Собажы: “Түркиянын коомдук телерадиокомпаниясы катары кинону ар дайым колдоону улантабыз, баалуу окуяларды жана таланттарды табуу жана жол ачуу үчүн бардык күчүбүз менен иштөөнү улантабыз»,-деди. 
ТРТнын биргелешкен продюсердик сыйлыктары Пынар Йорганжыоглунун режиссёрлук кылган «Караңгыда ышкыргандар», Элиф Эда Карагөздүн «Сүт фермасы» жана Бүшра Бүлбүлдүн «Көкө гүл» тасмаларына берилди.
 
ТРТнын Сатып алуудан алдын ала сыйлыгын Озан Йолеринин «A Beautiful Night», Пелин Эсмердин «O also Something» жана Реис Челиктин «Сокур түн» тасмалары менен алды.
Долбоорду өнүктүрүү сыйлыгын "Күтүү" үчүн Али Өзел, "Чыг" үчүн Эрдем Тепегөз, "Эсмадан кийин" үчүн Мехмет Атан, "Артта калган" үчүн Мерт Бердилек, "Комплек" үчүн Али Айдын жана "Режиссер монтажы" менен Айдын Сайман алды. ТРТнын Эл аралык биргелешкен продюсердик сыйлыктары режиссёр Георгий М. Унковскинин "DJ Ахмет" жана Александрос Авранастын "Апатия", Райко Грличтин "Бардык нерсе ушул жерде бүтөт" жана Хилал Байдаровдун "Балыкка насыйкат" тасмаларына тапшырылды.


Тектеш кабарлар