18-Март Чанаккале деңиз жеңиши жана Шейиттерди эскерүү күнү

Чанаккале деңиз согушунун 105 жылдыгы белгиленип жатат.

1380359
18-Март Чанаккале деңиз жеңиши жана Шейиттерди эскерүү күнү

 

Биринчи Дүйнөлүк согушка катышкан Осмон империясын Стамбулду басып алуу менен согуштун тышында калтырууну каалаган Англия менен Франция Чанаккале кысыгынан деңиз жолу аркылуу өтүүгө аракет кылды. Осмон империясынын армиясы жана деңиз күчтөрү жетишкен жеңиш менен аяктаган бул кол салууда, англис жана француз деңиз флоту оор жоготууга учурап, артка чегинген. Бул күчтөр кысыкты деңиз аркылуу өтө алышпай турганын түшүнүп, согушту кургактыктан башташты. Түрк калкынын тайманбастыгы жана эр жүрөктүүлүгү менен чоң жоготууларга учураганына карабастан Чанаккале кысыгын баскынчы күчтөр ашып өтө албады. «Чанаккале өтүлгүс» деп дос – душман түшүнө турган бир тил менен кайталанды. Чанаккале деңиз жеңишин дагы бир жолу эскеребиз.



Тектеш кабарлар