2019 - жылы Аясофия эң көп турист келген музей болду

Маданият жана туризм министрлигине карата музей жана уранды жерлерди келип көргөндөрдүн  саны өткөн жылы 2018 -  жылга караганда 7 миллионго жакын артты.

1352207
2019 -  жылы Аясофия эң көп турист келген музей болду

Маданият жана туризм министрлигине карата музей жана уранды жерлерди келип көргөндөрдүн  саны өткөн жылы 2018 -  жылга караганда 7 миллионго жакын артты.

Министрликтен берилген маалыматка караганда 2017 -  жылы 20 миллион 509 миң 746, 2018 -  жылы 28 миллион 145 миң550 киши музей жана уранды жерлерди көргөн болсо, 2019 -  жылы бул сан 35 миллион 48 миң 417ге жогорулады.

Стамбулдун негизги тарыхый курулуштарынан Аясофия 3 миллион 727 миң 361 киши менен 2019 -  жылы  эң көп көрүлгөн музей болду.

Жергиликтүү жана чет элдик көп сандаган турист көргөн Кониядагы Мевлана музейи өткөн жылы 3 миллион 464 миң 155 кишиге каалгаларын ачты. Мевлана музейи эң көп турист тосуп алган экинчи музей катары катталды.

Мевлана музейинен кийин  2 миллион 557 миң  868 турист менен Денизлидеги Памуккале Иеараполис уранды жери келди жана эң көп зыярат кылынган музей жана уранды жерлеринин арасынан үчүнчү орунду алды.

Падыша Фатих Султан Мехмет тарабынан курдуртулган жана 400 жыл Осмон империясынын башкаруу борбору катары колдонулган Топкапы сарайы 2019 -  жылы эң көп көрүлгөн музейлердин арасында төртүнчү орунду алды.

Топкапы сарайы музейи өткөн жылы 2 миллион 364 миң 946 кишини тосуп алды.

Эң көп зыярат кылынган жерлердин арасында бешинчи орунду  алган Ефестеги Ефес уранды жерин 1 миллион 855 миң 694 киши турист келип көрдү.

Невшехир жана чөйрөсү табигый кооздугу менен эң көп зыярт кылынган биринчи он аянттын ичинде орун алды.

Ефес уранды жеринен кийин  1 миллион 403 миң 444 зыяратчы менен Невшехир Гөреме уранды жери, 632 миң 970 турист менен Невшехир Каймаклы жер астындагы шаары, 592 миң 727 турист менен Невшехирдеги Хажыбекташ музейи 583 миң 491 турист менен Чанаккале Троя уранды жери, 566 миң 917 турист менен Аксарай Ыхлара өрөөн жери келди.



Тектеш кабарлар