3,9 миллиард жылдык Ай ташы Овал офисте

Байден жакында 1972-жылы Аполлон 17 миссиясы менен Жерге алып келинген Ай ташын Овал кеңсесине койду.

1569981
3,9 миллиард жылдык Ай ташы Овал офисте

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) президенттик кызматты Дональд Трамптан өткөрүп алган Жо Байден Ак Үйдө трансформацияны улантууда.

Байден жакында 1972-жылы Аполлон 17 миссиясы менен Жерге алып келинген Ай ташын Овал кеңсесине койду.

Салмагы 333 грамм болгон таш Улуттук аэронавтика жана космос агенттигинин (НАСА) Хьюстондогу Жонсон космос борборунан карызга алынгандыгы жарыяланды.

Вашингтон посттогу кабарга караганда, президент Байден Ай ташын мурунку муундардын өжөрлүгү жана жетишкендиктери жөнүндө эскертип турушу үчүн Овал офисине жайгаштырды.



Тектеш кабарлар