8-Март Дүйнөлүк аялдар күнү

Бүгүн 8-Март Дүйнөлүк аялдар күнү...

1374018
8-Март Дүйнөлүк аялдар күнү

БУУ тарабынан кабыл алынган бул күн аялдардын социалдык жана саясий аң – сезиминин өнүктүрүлүшүнө, турмушунун бардык тармактарындагы ийгиликтеринин белгиленишине бөлүндү.

Жыл сайын 8- Март күнү аялдардын тең укуктуулугу жана жеткен жери белгиленип, маселелери, кыйынчылыктары, сагынычтары билдирилет.

Азыркы күндө дүйнөнүн көптөгөн өлкөсүндө аялдар тең укуктуу жаран катары жашап жаткадарын далилдешти; социалдык, маданий, экономикалык жана саясий тармактарда маанилүү ийгиликтерге кол коюшту. Бирок ээ болунган укуктарын кенен түрдө колдонуу тууралуу азыр да маселелер менен кездешүүдө.

Билим ала албоо, зомбулукка дуушар болуу, иш турмушунда же үй  - бүлөдө бөлүүчүлүк; дүйнөнүн көптөгөн өлкөсүндө бүгүн да болуп жаткан маселелер...

Өлкөбүздө кыз балдарынын мектепке баруу катнашы, аялдардын жумуш менен камсыз кылууга катышуу катнашы барган сайын жогорулап баратат. Аялга карата зомбулуктун толугу менен жоюлушуна карата аракет кылынууда.

Билимдүү, өзүнө болгон ишеними жогору аялдар дүйнөнү ар тармакта дагы жогорку деңгээлге алып бара алат.

Дүйнөлүк аялдар күнү куттуу болсун!



Тектеш кабарлар