Аданада гладиаторлордун мүрзөлөрү табылды

Байыркы Анаварзада сезондук казууларды 24 жумушчу, 2 адис археолог жана 30 адамдан турган илимий топ жүргүзүүдө.

1866507
Аданада гладиаторлордун мүрзөлөрү табылды

Аданадагы байыркы Анаварза шаарында жүргүзүлгөн казууларда Рим дооруна таандык гладиаторлор мүрзөлөрүнүн издери табылды.

2000 жылдык тарыхы бар «Жеңилбес шаар» деп аталган, укмуштуудай дарбазасы жана коргондорунан тышкары байыркы дүйнөнүн алгачкы кош тилкелүү жолу менен айырмаланган Анаварзада сезондук казууларды 24 жумушчу, 2 адис археолог жана 30 адамдан турган илимий топ жүргүзүүдө.

Амфитеатрдын айланасындагы казууларда, байыркы Римдин аренасында бири-бири менен согушкан гладиатордун мүрзөлөрүнүн жана жырткыч жаныбарлардын издери табылды.



Тектеш кабарлар