Аялдар узак өмүр сүрүшөт

Түркиянын калкынын 49,8 пайызын аялдар түзөт.

1373255
Аялдар узак өмүр сүрүшөт

Түркиянын статистика мекемеси «Статистикалар менен Аял-2019» изилдөөсүнүн жыйынтыктарын жарыялады.

Буга караганда Түркиянын калкынын санынын 50,2 пайызын эркектер, 49,8 пайызын аялдар түздү. Башкача айтканда Түркияда эркектердин саны 41 миллион 721 миң 136, ал эми аялдардын саны болсо 41 миллион 433 миң 861.

Өмүрдүн узактыгы өлкөнүн жалпысы үчүн 78,3 жыл, эркектерде 75,6 жана аялдарда 81 жыл болду.

Жалпысынан алганда аялдар эркектерге караганда дагы узак жашаса, өмүрдүн узактыгындагы айырма 5,4 жыл деп белгиленди.



Тектеш кабарлар