Акар 30-Август майрамына карата өз билдирүүсүн жарыялады

Түрк армиясы душмандын мизин майтарып 30-Август жеңишине жетишкен.

1260749
Акар 30-Август майрамына карата өз билдирүүсүн жарыялады

 

Улуттук коргоо министри Хулиси Акар 30-Август Жеңиш майрамы жана Түрк куралдуу күчтөрүнүн күнүнөн улам өз билдирүүсүн жарыялады.

Билдирүүсүндө террорго каршы күрөшкө басым жасаган Акар: «Күрөшүүбүз эң акыркы террорист жок кылынганга дейре уланат»,-деди.

Акар билдирүүсүн: «30-Август Жеңиш майрамынын 97-жылы менен Түрк куралдуу күчтөрү күнүн кубанычтуу белгилеп жатканыбызга абдан толкундануудабыз»,- деген сөздөрү менен баштап, 97 жыл мурда Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн башчылыгындагы түрк армиясынын жетишкендиктерине көңүл бурду.

Хулиси Акар, улуу элге туткун чынжырын тартууга аракет кылгандарга каршы баатыр түрк армиябыз 26-август күнү эртең менен Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн башкы командирлигинде Кожатеден Афион өрөөнүнө күркүрөгөн сел сыяктуу агып, душмандын мизин майтарып 30-Август жеңишине жетишкенин эске салды.

Министр Акар билдирүүсүндө, Түрк куралдуу күчтөрү таасирдүү, күчтүү жана кадыр-барктуу армия катары дүйнөдө коопсуздук, тынчтык жана ырааттуулукка салым кошууну уланта турганын да баса белгилеп: «ФЕТӨ, ПКК жана ДЕАШ сыяктуу террордук уюмдар менен катар ар түрдүү коркунучтарга каршы өлкөнүн ичинде жана чек аранын тышында күрөшүүбүз тынымсыз уланат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар