АКШлык ырчы Делла Майлз Элбистанда лаванда терди

Америкалык ырчы Делла Майлз Кахраманмараштын Элбистан районунда лаванда теримине катышты.

1862613
АКШлык  ырчы Делла Майлз Элбистанда  лаванда терди
della miles elbistan lavanta2.jpg
della miles elbistan lavanta1.jpg
della miles elbistan lavanta.jpg

Америкалык ырчы Делла Майлз Кахраманмараштын Элбистан районунда лаванда теримине катышты.

Эл акыны Ашык Махзуни Шерифтин  элесине арналган Элбистан фестивалында концерт берүү үчүн шаарга келген Делла Майлз райондогу  лаванда өрөөнүндө мэр Мехмет Гүрбүз менен лаванда терди.

Иш-чарада Гүрбүз менен бирге ырдаган Майлз жетекчилердин  маалымат алды.

Гүрбүз америкалык ырчыны Элбистанда коноктоодон кубанычта экенин белгилеп, мыкты фестиваль өткөрүшкөндөрүн белгиледи.

Өрөөндө өстүрүлгөн лаванда гүлдөрүнүн келечекте шаардын экономикасына олуттуу салым кошо турганын айткан Гүрбүз : "Делла Майлз фестиваль учурунда эң көп көрүлгөн артисттердин бири болду, анын сахнасы кереметүү эле. Ансыз да көп сөздүн кереги жок,  ал дүйнөлүк жылдыз. Фестивалдан кийин биз менен бир күн өткөрүп, маданий баалуулуктарыбызга кызыкканы үчүн ыраазычылык билдирем. Элбистанда өнөр жай өндүрүшүн аткарууну максат кылуудабыз.  Делла Майлзга биз менен бирге болгону үчүн ыракмат айтам".

Майлз да Элбистанда  болгонуна кубанычтуу экендигин айтып, лавандадан өндүрүлгөн косметикалык продукцияларды колдонгондугун жана лаванданы абдан жакшы көргөндүгүн белгиледи. 

 

 



Тектеш кабарлар