«Алтын аюу» үчүн 18 кино ат салышат

Бул кинолордун 16сынын дүйнөлүк бет ачары Берлинде болот.

1349739
«Алтын аюу» үчүн 18 кино ат салышат

Германиянын борбор шаары Берлинде өтө турган 70-Эл аралык Берлин кино фестивалында (Berlinale) "Алтын аюу" сыйлыгы үчүн 18 кинотасма жарышат.

20-февралдан 1-мартка чейин улана турган фестивалда быйыл 71 өлкөдөн орто эсеп менен 340 кино көргөзүлөт.

Ал эми конкурс бөлүмүндө 18 өлкөдөн 18 тасма «Алтын аюу» үчүн ат салышат. Бул кинолордун 16сынын дүйнөлүк бет ачары Берлинде болот.

Фестивалдын ачылышы болсо, 20-февралда канадалык режиссер Филипп Фалардонун «My Salinger Year» аттуу кино тасмасы көргөзүлүп ишке ашат.

«Алтын аюу» жана «Күмүш аюу» сыйлыктары ээлерине 29-февралда тапшырылат.



Тектеш кабарлар