Анкарада Курманжан Даткага арналган иш-чара өтөт

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Түркия Республикасынын Президентинин башкы Кеӊешчиси Ялчын Топчу менен жолугушуусу болуп ѳттү.

1347034
Анкарада Курманжан Даткага арналган иш-чара өтөт

2020-жылдын 17-январында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Түркия Республикасынын Президентинин башкы Кеӊешчиси Ялчын Топчу менен жолугушуусу болуп ѳттү.

         Тараптар 2020-жылдын 1-февралында Анкара шаарында легендарлуу Курманжан Датканын элесине арналган биргелешкен иш чара ѳткѳрүү тууралуу макулдашышты.

Иш чаранын алкагында, Түркия Республикасынын Президентинин башкы Кеӊешчиси Я.Топчу, Элчи К.Ѳмүралиев жана түрк профессору А.Арваз Курманжан Датканын өмүрү жана иш аракеттери жөнүндө баяндама тартуулап, ошондой эле кинотасма кѳргѳзүү пландалууда.



Тектеш кабарлар