Анкарадагы кыргыз айымдары Ак элечекти таанытышты

Бул иш-чара эки бөлүм түрүндө болуп, анын биринчи бөлүмүндө Анкарадагы кыргыз айымдары кыргыздын Ак элечегин таанытышты.

1165428
Анкарадагы кыргыз айымдары Ак элечекти таанытышты
NEVRUZ_KIRGIZ_ANK.7.jpg
NEVRUZ_KIRGIZ_ANK.6.jpg
NEVRUZ_KIRGIZ_ANK.5.jpg
NEVRUZ_KIRGIZ_ANK.4.jpg
NEVRUZ_KIRGIZ_ANK.3.jpg
NEVRUZ_KIRGIZ_ANK.2.jpg

Анкарадагы кыргыздар Нооруз майрамына карата чоң иш-чара өткөрүштү.

Бул иш-чара эки бөлүм түрүндө болуп, анын биринчи бөлүмүндө Анкарадагы кыргыз айымдары кыргыздын Ак элечегин таанытышты.

Таанытуу жөрөлгөсү Анкаранын борбордук аянтындагы «Мира макяж» залынан башталып, Кызылай соода борборун элечек жана кыргыздын улуттук кийимдерин кийип алып кыдыруу болду. Аны улай «Манас голд сервис» кафесинде бешик той чагылдырылды. Бул демилгени көтөрүп чыгышкан  Асел Байзакова, Чынар Дубашева, Дарика Рысбекова, Асел Ибраевалар баштаган кыргыздын мекенчил айымдары болушту. Аларга Кыргызстандан Антальяга, ал жерден Анкарага келген уз-чебер Жумагүл Мураталиева кошулуп кыргыздын элечегин таанытууга чоң салымын кошту.

Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыздын айымдары биздин ата-бабаларыбыздан келе жаткан энелер, апалар жана кыздарыбыз кийген улуттук салттуу кийимдерибиздин кандай көрктүү, кандай ылайыктуу, кооз экенин Анкаранын тургундарына таанытып өтүштү. Көчөдө басып баратканда суктанган ар ким фотосүрөткө түшүп калуу үчүн телефондорун көтөрө чуркашып, ал учурдан өздөрүнө эстеликтерди калтырышты.

Ал эми Бешик тойго Анкарада жашаган вандык кыргыздардан улуу байбичелер келишип Айжан жана Йылмаз Алычтардын уулу Керимди бешикке бөлөп баталарын беришти. Элечек, үкү топучан кыргыздын айымдары тегерете отурушуп ыр-күүлөр менен коштоп шаңга бөлөштү. Сары май менен боорсок ооз тийгизилип чачыла чачылды, чүкө ойноп жаткан майда балдар момпосуйларды терип алып кубанып жатышты...



Тектеш кабарлар