Анкарадагы Кыргыздар ооз ачуу тамагында жолукту

Анкарадагы Кыргыздар сыйлаган Анкара университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Гүлзура Жумакунова эжебиз, орозо кармагандардын орозосу кабыл болушун тиледи.

1203744
Анкарадагы Кыргыздар ооз ачуу тамагында жолукту
İFTAR_KIRGIZ_1.jpg
İFTAR_KIRGIZ_2.jpg
İFTAR_KIRGIZ_3.jpg
İFTAR_KIRGIZ_4.jpg
İFTAR_KIRGIZ_5.jpg
İFTAR_KIRGIZ_6.jpg

Рамазан айынын башталышы менен бирге Түркияда калк салтка айланган ифтар (ооз ачуу) тамагында жолугуп, ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлүп, баарлашып кайтышат. Бул ирет Анкарадагы Кыргыздар борбордогу «Ала-Тоо» кафесинде ооз ачуу тамагында чогулуп баарлашышты.

Ооз ачуу тамагын Анкарадагы Кыргыздар сыйлаган Анкара университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Гүлзура Жумакунова эжебиз берип, элчи жана элчилик кызматкерлери менен катар ар кайсы чөйрөдөн 60 чакты киши чогулду. Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев өз сөзүндө, Ыйык Рамазан айы менен куттуктап, Анкарадагы Кыргыздарды ынтымакка чакырды. Элчилик чече алган маселе болсо токтоосуз чече тургандарын, чече албаган маселе болсо жалпы Кыргыздар менен кеңешип бир чечимге келе тургандарын айтып өттү.

Гүлзура эжебиз, орозо кармагандардын орозосу кабыл болушун тилеп, ооз ачарга келгендерге ыраазычылыгын айтып узатты.

 


Этикеткалар: #Рамазан , #Кыргыздар

Тектеш кабарлар