«Арбактар» фильми Варшава кинофестивалынан сыйлык менен кайтты
Бул кинотасма буга чейин да бир катар сыйлыктарды багындырган.
Азра Дениз Окйай сценарийин жазып, Дилек Айдын продюсерлик кылган «Арбактар» фильми 36-Варшава кинофестивалында сыйлыкка ээ болду.
Фестивалдын «Ачылыштар» бөлүмүндө көрсөтүлгөн тасма Болгария, Польша жана Румыниянын кино жазуучуларынан турган Жаш Эл аралык Кинематографисттер Уюмунун (FIPRESCI) "Эң мыкты кинотасма сыйлыгы" менен сыйланды.
Дүйнөлүк премьерасы болгон 77-Венеция кинофестивалында да сынчылардын купулуна толгон бул фильм, фестивалдын Кино сынчылары жумалыгынын чоң сыйлыгын алган болчу.
«Арбактар» тасмасы 57-Анталья Алтын апельсин кинофестивалынын Улуттук көркөм фильмдер сынагында "Мыкты тасма" жана "Мыкты режиссер" баш болгон 5 сыйлыкка ээ болгон.
Тектеш кабарлар
Expo Дохада Түркияга сыйлык
Expo 2023 Доха иш-чарасы 80 катышуучу өлкө жана "Жашыл чөл, жакшыраак чөйрө" темасында өттү.
Женевада Түрк жумалыгы иш-чарасы
Түрк жумалыгы программасы Женевада 22-апрелде башталган жана 25-апрелге чейин уланат.