ArtAnkara 6-Заманбап искуссво жарманкеси ачылды

ArtAnkara 15-мартка дейре Түркия убактысы боюнча саат 10:00дөн 20:00гө чейин ачык болот.

1377301
ArtAnkara 6-Заманбап искуссво жарманкеси ачылды

ArtAnkara 6-Заманбап искуссво жарманкеси жергиликтүү жана чет элдик 125 искусство галереясынын катышуусунда ачылды.

Анкарадагы Congresium көргөзмө залында өткөн ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Анкаранын мэри Мансур Яваш, ар башка өлкөлөрдөн бир топ искусство чеберин жана ар түрдүү искусство эколдорун жолуктурган жарманкеден абдан таасир алганын билдирди.

Яваш, Анкараны искусствонун дагы борбор шаарына айландырууну максаттагандарын баса белгиледи.

Жарманкенин салтка айланган «Ардак сыйлыктары» да аземде ээлерин тапты.

Түркиянын ар кайсы облустарынан жана ар башка өлкөлөрүнөн галереялары, музейлери жана искусство мекемелерин чогулткан ArtAnkara 15-мартка дейре Түркия убактысы боюнча саат 10:00дөн 20:00гө чейин ачык болот.



Тектеш кабарлар