Аспендосто "Аида" операсы коюлат

Эл аралык 26-Аспендос опера жана балет фестивалынын алкагында тарыхый Аспендос байыркы театрында «Аида» операсы сахнага чыгарылат.

1267802
Аспендосто "Аида" операсы коюлат

Маданият жана туризм министрлиги мамлекеттик опера жана балет башкы директорлугу тарабынан уюштурулган Эл аралык 26-Аспендос опера жана балет фестивалынын алкагында тарыхый Аспендос байыркы театрында «Аида» операсы сахнага чыгарылат.

Римдик командир Радамес жана абиссиндик канзаада Аиданын эбегейсиз сүйүүсүн түшүндүргөн «Аида» операсынын режиссерлугун Винченцо Грисостомы Траваглини, оркестрдин дрижерлугун итальян оркестринин дрижеру Фабрицио Мария Карминати кылууда.

Анталия жана Анкара мамлекеттик опера жана балет оркестри жана хор искусствосунун коштоосунда чыгарманын 12-сентябрдагы алгачкы өкүлдүгүндө солист чеберлер сопрано Анна Нечаева «Аиданы», тенор Мурат Карахан «Радамести» аткарат.

13-сентярдагы экинчи өкүлдүктө болсо «Аиданы» Франческа Тибурзи, «Радамести» Эфе Кышлалы, «Амнерис» ролун болсо эки өкүлдүктө тең сопрано Анастасия Болдырева аткарат.



Тектеш кабарлар