Аспендосто Опера жана балет фестивалы
Опера жана балет фестивалы уланып жатат.
Быйыл 1-18-сентябрда уюштурулган 26-Анталья Эл аралык Аспендос опера жана балет фестивалында белгилүү өнөрпоздор сахнага чыгып, мыкты чыгармалар тартууланууда.
300 жылдык балет салтынын өкүлү Венанын Мамлекеттик опера жана балет бирикмесинин өнөрпоздору, фестивалдын алкагында биринчи жолу Аспендос театрынын сахнасында орун алышты.
Чайковскийдин 1875-жылы жазган классикалык балеттин өлбөс-өчпөс чыгармаларынан «Ак Куу көлү» балетин тартуулаган Венанын Мамлекеттик опера жана балет бирикмеси көрүүчүлөрдүн купулуна толду.
Быйыркы театрга жык-жыйма толгон, чет элдик туристтер да арасында болгон көрүүчүлөр унутулгус кече өткөрүштү. Алар өнөрпоздорду дүркүрөтө кол чаап коштоп турушту.
Тектеш кабарлар
Expo Дохада Түркияга сыйлык
Expo 2023 Доха иш-чарасы 80 катышуучу өлкө жана "Жашыл чөл, жакшыраак чөйрө" темасында өттү.