Атактуу музыкант Брегович Мерсинде концерт коет

Мерсинде 19-Эл аралык музыка фестивалы өтөт.

1373535
Атактуу музыкант Брегович Мерсинде концерт коет

Балкан музыкасынын дүйнөгө таанымал атактуу ысымы Горан Брегович, Мерсинде өтө турган 19-Эл аралык музыка фестивалында сахнага чыгат.

Өзү жараткан саундтрек (кино музыкасы) жана ырлары менен атагы чыккан Брегович, 10-апрелде Йенишехир муниципалитетинин «Ататүрк» маданият борборунда өтө турган концертте күйөрмандары менен жолугушат.

Атактуу ырчыны Funeral and Wedding оркестри коштоп турат.

Брегович концертте таанымал ырлары менен бирге эсте калган кино музыкаларын да тартуулайт.



Тектеш кабарлар